Акыркы күндөрү соцтармактарда ЖК депутаттарынын айлык маянасы канча болушу керек деген суроонун тегерегинде талкуу болууда. Көпчүлүк депутаттардын иши мугалим, дарыгерлердикинен бир топ жеңил экендигин белгилеп, демек алар да карапайым кызматкерлер сыяктуу эле маянага ээ болушу керек деген пикирди карманышууда. Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин да пикири ушул өңүттө болду. 

"Депутаттар "Айлык маянаны канча кылсак?"- деп талашып-тартышып аткан имиш. Жолу жөнөкөй. Катардагы карапайым мугалимдин айлыгы канча болсо ошончо кылгыла. Эгер мугалимдин айлыгы жогоруласа силердики да жогоруласын. Эгер мугалимге кошумча төлөнсө силерге да кошумча төлөнсүн. Анткени силерге караганда катардагы карапайым мугалимдин эмгеги кымбат турат. Ал канчалаган келечек муунга билим берип туура жол көрсөтүп атат. Силер болсо коррупцияны жайылткан сыяктуу жүрүш- туруш, ишиңер менен тескерисинче келечек муунду талкалап атасыңар", - дейт жазуучу.