Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар пара талап кылган жарандык активист Мелис Аспеков көрсөтмөсүндө ал акчанын 50 миң доллары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге берилмек болгонун айтканы жарыяланган.
Мындан улам Финполдун басма сөз кызматы жогорудагы маалыматтарды жокко чыгарды.
Алар белгилешкендей, учурда Финпол тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда.
"Буга байланыштуу биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", - дейт басма сөз кызматы.