КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестрине карата жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн окуу процессин аралаш форматта уюштуруунун алгоритми бекитилди.

Алгоритм аталган окуу жайларда билим алган студенттерди коопсуз окутуу шарттарын ичине камтыйт. Окуу жайлары окуу процессин  алгоритмде көрсөтүлгөн санитардык-гигиеналык талаптарды жана эпидемиологияга каршы режимди эске алуу менен иш жүргүзүүлөрү шарт. Буйрукка ылайык, сессиялар, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялар, консультация жана өндүрүштүк практика ж.б. иш-чаралардын тартиби тууралуу атайы колдонмолор иштелип чыгып, студенттер менен окутуучуларга жана кызматкерлерге маалыматтык түшүндүрмө берүү иштери аткарылат. 

Гибриддүү (аралаш) форматта окутуунун алгоритми КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган. Ага ылайык, окуу жайлардагы даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери жана магистранттары, медициналык адистиктердин студенттери толугу менен салттуу форматта окутууга өтүшөт.

Ал эми даярдоонун багыттары жана адистиктери боюнча кенже курстардын студенттери (бүтүрүүчү курстан жана медициналык адистиктерден тышкары) үчүн аралаш окутуу форматы колдонулат.

Окутуу планындагы бардык дисциплиналар боюнча лекциялык сабактар, бакалаврларды жана адистерди даярдоо багыттары боюнча “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин”, магистрлерди даярдоо багыты боюнча “Жалпы илимий циклдин” дисциплиналары практикалык сабактар жана атайы окутуу-методикалык материалдарды, жабдууларды ж.б. талап кылбаган “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар аралыктан окутулат.

Контакттык окутуу талап кылынган учурда окутуу процесси салттуу форматта өткөрүлөт.

Ошондой эле “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар жана окутуу планында каралган практиканын бардык түрлөрү ЖОЖдордун жана КООЖдордун тандоосу боюнча алыстан же салттуу окутуу форматында уюштурулат.

Чек аранын жабылганына байланыштуу чет өлкөдөн келе албай калган студенттер аралыктан окутулат. Чет өлкөлүк студенттерге “COVID-19га” текшерүүнүн жыйынтыгы болгон учурда гана  окуу процессине катышууга уруксат берилет.

Экзамендик сессиялар жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүү тартибинде 2-курстун студенттери үчүн “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз тили жана адабияты” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен алыстан окутуу тартибинде өткөрүлөт.

Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар ЖОЖдун жана КООЖдун тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт. “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин” жана “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча экзамендик сессиялар аралыктан окутулса, “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча салттуу форматта өткөрүлөт.

Салттуу окутуу форматында окуу жайдын ичинде бардык санитардык-гигиеналык режимдер жана   социалдык аралык сакталышы зарыл. Бир убакытта студентердин минималдык саны болгондой уюштурулуп, ал эми сабактардын жадыбалы ийкемдүү түзүлүшү керек. Окуу процесси 2-3 нөөмөт менен уюштурулуп, бир аудиторияда студенттердин саны 15-20тен ашпай, бир жерде топтошуусуна, массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт.

Мындан сырткары, окуу жайларда жана жатаканаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тыкыр сакталышы зарыл. Ал үчүн ар биринин кире беришинде “кирүү фильтри” уюштурулуп, санитайзерлер коюлуп, термометр  менен текшерүүдөн өткөрүлөт. Беткап тагылып, имараттар убактысы менен желдетилип, дезинфекция иштери жүргүзүлүп турат.