Саламаттыкты сактоо министринин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова соцтармактагы баракчасына баллон жана клеенка менен жылгаяк тебүүнүн кесепети чоң болуп жатканын жазды. 

"Баллон жана клеенка менен жылгаяк теппегиле! Бул абдан кесепеттүү, аны менен жылгаяк тээп түшүү омуртка жана жамбаш сөөгүн жабыркатат, кийинчерээк бул майыптыкка алып келиши ыктымал. Адистердин эскерткенине карабай, бул кышкы көңүл ачуу улантылып, эл арасында популярдуу болуп жатат.

Бишкек травмотология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 120 бейтап  тоодогу эс алуудан алган травмасынан дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү баллон жана клеенка менен жылгаяк тебем деп жабыркаган. 

Баарына тезирээк сакайышын каалайбыз!" - деп жазды Айгерчинова.