Акын Анатай Өмүркановдун драматург жубайы Бурул Калчабаева соцтармактагы баракчасы аркылуу ырчы Самара Каримованы сотко берээрин билдирди.  

"Самара Каримова жаңы бийликтин келиши менен “укугум тебеленди, мени эшикке түртүп чыгарып коюшкан”- деп,  адилеттик орношун талап кылып сотко берип, андан утуп, бая 2018-жылы эки күн иштеп кеткен жерине директор болгусу келип атыптыр.
“Уялбагандан өзүң уял” деген сөз бар кыргызда.

Садага болоюн, Самара. Ракмат. Көзүмдү ачтың. Сен тууралуу жазылган маалыматтарга комментарий жазсам да, тереңдеп кеткен эмес элем. Койчу, өсүп келаткан бир кыз экен деп теңелчү эмесмин.

Адилеттик үчүн күрөш баштапсың. Укугуңду коргоп жатыпсың.

А сен ылайдай тебелеп-тепсеп пайдаланып, атыңды чыгарып, Ташкентке, Кремелге чейин барып ырдап жүргөн ырлардын авторлорунун укугу тууралуу ойлондуң беле?

Өткөн жылы Кремелдин концерттик залында концерт бердиң. Өзүңдү “Мыскалдан кийин эле мен келдим” деп өзүңдү көкөлөттүң. Кимдер барды концертке? Баягы эле кыргыздын жеңилин жерден, орун колдон алган мигранттар барды.
Концертти Кыргызстандын Гимни менен баштадың.

Гимн - Мамлекеттин символу. Ал – эки учурда гана ырдалат. 1. Президент катышкан мамлекеттик иш чарада. 2. Эл аралык мелдеште спортсмендер жеңишке жетип Мамлекеттин туусу көтөрүлгөн учурда.

А сен коммерциялык концертте, билет сатып Кыргыздын Гимнин ырдап чыктың. Мунуң: 1. Барып турган чайкоочулук. 2. Сабатсыздык.

Ошол Кремелдеги болгон концертте бир дагы автордун аты аталган жок.

Бул чектен чыккан одоно көрүнүш. Автордун укугун тебелегендик. Ала кушту атынан чакырсак – бул “Уурулук”, авторлорду тирүүлөй карактоо деп аталат. Мындай учурда автордук укук корголгон мамлекеттерде ырчы жоопко тартылат. Миллиондогон доллар доого жыгылат  мындай иш үчүн.

Же, ал ырларды Асан экөөң Актурпактын топурагын апкелип, Акбууранын суусуна чалып туруп жасап алдыңар беле?

Эгер чыгарма жараткан авторлор болбосо, Кремлдин сахнасына  чыгып мөөрөп берет белең? Сен аркак болсок, сага эриш болуп атыңды чыгарып жаткан Авторлорду сыйлабаган адам, директор болуп жаштарга эмнени үйрөтөсүң? Айтчы?!

Ошол эле Россиялык аткаруучуларды мисал кылсак, өздөрүнүн жеке концерттеринде акынды, композиторду залга отургузуп, аткарар алдында атын атап, ордунан тургузуп көрүүчүлөргө тааныштырып, өздөрү да таазим кылат.

Андай жестти сен бул жерде да жасай албайсың! Жок дегенде атын атап койсоң болот беле?! Күлгө оонап таап алгансып авторлордун төбөсү менен басып жүрөсүң.

Кечээтен берки маалыматтарды окусам, мурунку бийлик учурунда кор болуп, куугунтукка алынган адам сыяктуу сүйлөп жатасың. “Ыракмат, Садыр Нургожоевич!” деп, жаңы шайланган, али иннагурациясы боло элек Президентти кошо ала жыгылып жатасың. Драматургияда “подтекст” деген бар. Ошол түшүнүктөн чечмелегенде “Менин артымда Садыр Жапаров турат” деген жылма чайкоочулук! Жылма шантаж дейт муну.

Мен ушинтсем эле эч ким унчукпай калат деп ойлосоң керек. Бирөөлөр шыкактаганы, колдогону сезилип эле турат. Бирок, ал Садыр Жапаров эмес.

Сен адилеттик үчүн сотко бердиңби? Ырас жол көрсөттүң мага окшоп “кой, уят. Теңелбейли” деп эски түшүнүк менен жашаган адамга.

Эми, бир автордун ишенимдүү ададмы катары мен сотко берүүнү чечтим.

Билеттен түшкөн каражаттан мамлекетке налог төлөнөт.

Анан, текстин авторуна 40%, композиторго 40%, аткаруучуга 20% болуп бөлүнөт.

Кана, ошол Кремлдеги концерттен кимге канча төлөдүң?

Эми, Гимнди сөзүн жазган Ж.Садыков, Ш.Кулуев, композитор Н.Давлесовду баш кылып, сени тааныткан, сени багып жаткан авторлордун  гонорарын төлөп бер адегенде.

Сөздүн кыскасы:
КР Финполициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге!
КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчикти коргоо кызматынын Жетекчиси Динара Молдошевага!
КР Маданият министри Нуржигит Кадырбековго!

КАЙРЫЛУУ

Самара Каримованын Москвада жана Ташкентте өткөн концерттерин иликтеп чыгып тиешелүү баа берилсин.

1. Концерттин билети кайсы салык инспекциясынан каттоодон өткөн;
2. Москваданбы же Кыргызстандын аймагындабы? Билеттин саны, баасы;
3. Мамлекетке төлнгөн салык канча;
4. Автордук гонорар;
5. Маданият министрлиги менен Кыргызпатент жогорку иштер аныкталмайынча Самара Каримованын аткаруусундагы Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган “Мен алыстан сагынганда атамды” аттуу популярдуу ырды бардык теле-радио, ютуб каналдарда токтотуп турушун талап кылам.

АДЕГЕНДЕ АВТОРОРДУ СЫЙЛАГАНДЫ ҮЙРӨНӨЛҮ!

Калганын сотто чечебиз.

Интернеттеги материалдар коюлду. Тамга менен жазылганды, балта менен жок кыла албайбыз. Адилеттик үчүн...", - деп жазды Бурул Калчабаева.