«Facebook» компаниясынын жетекчилиги Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүнөн Кыргызстанда 2020-жылы жана 2021-жылы өткөн шайлоолорго байланышкан жүздөгөн баракчаларды өчүрдү.
Компаниянын отчётунда жасалма аккаунттар дайыма көзөмөлдөнүп, жалган маалыматтар менен ачылып, компаниянын ички эрежелерин бузган баракчалар тезинен өчүрүлүп турат деп белгиленет.
Компания кечээ жарыялаган отчёттон үзүндү:
Facebook 2020-жылдын декабрына карата жарыялаган отчетто Кыргызстанга 3 блок арналган.
- Биринчиси медиа-консалтинг менен байланыштуу:
Facebook тарабынан өчүрүлгөндөр:
- Facebook түйүнүндөгү 193 аккаунт;
- 246 баракча;
- 50 тайпа:
- ал эми Instagram социалдык түйүнүнөн 30 аккаунт жок кылынган.
Булар Кыргызстандын ички аудиториясына багытталган. Жасалма аккаунттардын көпчүлүгү табылып, пикир калтыруу, маалыматтарды жарыялоо жана баракчаларды башкаруу укугунан ажыратылган.
Ошондой эле алар баракчаларды башкаруу кызматын ачык эле сунуштап келишкен. Булар негизинен 2017-жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого байланыштуу. Негизинен кыргыз тилинде, ошондой эле орус тилинде жарыяланган маалыматтар мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы шайлоо кампаниясын, анын каршылаштарына айтылган сындарды жайылтууга арналган.
85 миңдей аккаунт булардын ичинен бир же бир нече баракчаларга катталып, 39 миңдей аккаунт жок дегенде бул тайпалардын бирине кошулуп, 27 миңдей адам Instagram социалдык түйүнүндөгү бир же бир нече аккаунттарга катталган.
Муну менен Facebook жана Instagram баракчаларындагы жарнама үчүн 4800 доллардай каражат коротулган.
Булак: Баракелде