Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында 6,640 грамм салмактагы ымыркай (уул бала) төрөлдү. 38 жаштагы А.А. 14-январда кош бойлуулуктун 39-жумасында көз жарган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, төрөт операциясы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жасалды. Учурда эне менен баланын абалы жакшы.

Булак: Баракелде