Азыркы жетекчилердин көпчүлүгүндө керт баштын культу өтө күчтүү өнүгүп кеткенсийт. Өзүн мактатып-жактатып, анан мардайып угуп олтурса...
35 жылдан ашуун ар кандай кызматтарда иштеп келдим, анын ичинде совет доорунда облустук бийликте да көп жыл иштедим. Көп жетекчилерди көрдүм. Башы булутка жетсе да Адам бойдон калган мыкты жетекчи-инсандар менен иштештим.
Жетекчи дегенде "скромность" көбүрөөк болбосо, анда жалган мактоолорду уга берип бир күнү "тарс" этип жарылып кетиши мүмкүн. Акыл-эстүү жетекчи кошоматчылардан, керт башынын пайдасы үчүн жабышкандардан алыс болот. Анткени, шам чыракты жетим көпөлөктөр айланышат.
Зинакан Пасанова, жазуучу, акын