"Айрым мамлекеттик мекемелерден маалыматтардын жана тийиштүү документтердин келиши кечигип жаткандыктан, Кыргызстанга коронавирус инфекциясы пандемиясы убагында келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн изилдөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишин улантууга туура келди. Комиссиянын курамында медициналык эксперттер, журналисттер жана ар кандай ишмердүүлүк тармагынын өкүлдөрү бар. 

Бүгүн болжолдуу жыйынтыкты уктум. 

Жыйынтыктар жана корутундулар, кырдаалды өзгөртүүгө сунуштар ачык жарыяланат. 

Белгилей кетчү нерсе, мекемелер аралык комиссиянын жарымы өз ишин кайсы бирөөлөрдүн тааныштары жана достору байланышка чыгып, "андан ары казуунун кереги жок" деген көрсөтмө алышаары менен андан аркы кесепетинен коркуп токтотушкан. Калган бөлүгү, алардын ысымын жыйынтык менен чогуу жакын арада жарыялайбыз - Кыргызстанда өзгөрүүлөр, саламаттыкты сактоо системасында чыныгы реформалар болушун каалашат. Мына ушул үчүн комиссия түзүлгөн", - деп жазды вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына. 

Эске салсак, учурда пандемия маалында Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн келген жардамдардын кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча мекемелер аралык комисссия иштеп жатат. Элвира Сурабалдиева ковид-19 илдетинин биринчи толкунунда айрым аткаминерлер документтерди кечеңдеттиргендиктен, дары-дармек жана дарылоо жаатында хаос орун алганын белгилеген. 

"Сүйлөшүп алышкандар болгон, кимдир бирөөлөр пандемиядан бизнес жасаган. Мурда айтылгандай, мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча бир дагы катардагы  медикке доомат тагылбайт. Дарыгерлер жарандарды баатырлык менен куткарып  жатышканда, кээ бир жетекчилер узак мөөнөттүү эмгек эргүүсүнө кетип калышкан. Айрым башкы дарыгерлер "кызыл зонада" бир да жолу болушкан эмес.

Гуманитардык жардамды уурдашканбы? Ооба.

Реформа керек. Мамлекеттик каражаттарды, гуманитардык жардамдарды, насыяларды жана гранттарды бөлүштүрүү боюнча түшүнүктүү, баарына ачык-айкын  система керек. Ар бир министрлик жана мекеме киреше жана чыгашалары тууралуу эл алдында отчет бергенге көнүшү зарыл", - дейт Эльвира Сурабалдиева.