Киев эл аралык институту өткөргөн сурамжылоодо Кыргызстандын калкы эң бактылуу болуп таанылды. Сурамжылоодо, Кыргызстандын 85 пайызы эң бактылуу экенин билдиришкен. Казакстан 78 пайыз менен экинчи орунга чыкса, Эквадор 77 пайыз, Колумбия 77 пайыз, Азербейжан 76 пайыз менен кийинки орундарды ээлеген. 

Эң бактысыз эл жашаган өлкө болуп Украина таанылган. Алардын бакыт индекси эки эсеге ылдыйлаган. Аны менен Украина эң бактысыз өлкөлөрдүн бешилтигине кирген. Андан тышкары Армения - 12 пайыз, Ганконг 7 пайыз, Гана 0 пайыз жана Түндүк Македония -3 пайыз менен калкы бактысыз экенин билдиришкен.