Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайынын ден соолугуна байланыштуу тергөө иш-чаралы жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Күлнара Үсөнканова бир нече жолу УКМКга суракка чакырылган. 11-январда ал УКМКга келген. Тергөө иш-чаралары башталганга чейин Үсөнканова өзүн жаман сезип, мындан улам УКМКнын дарыгерлери чакыртылган», - деп айтылат маалыматта.
Дарыгерлер Үсөнкановага «Юрфадан» текшерүүдөн өтүүнү сунушташкан. Үсөнканованы аталган медицина борборуна жеткиришкен жана ал жактан тиешелүү текшерүүдөн кийин ооруканада дарыланууну сунушташкан.
Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.
Булак: Баракелде