"Тез жет" авиакомпаниясынын учактары Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча 18-январдан тарта уча баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү абага көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, аталган багыттагы каттамдар 2019-жылы Исфана аэропортундагы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган.

Булак: Кабар