Канада өлкөсү кыргыз элин 10-январдагы президенттик шайлоодо демократиялык укугун ишке ашырганына байланыштуу куттуктайт.

Канаданын Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы элчилигинин бүгүн, 12-январдагы куттуктоосунда: «Канада шайлоонун жыйынтыгынан кийин жаңы шайланган президент Жапаров Садыр Нургожоевич менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы көп тараптуу кызматташуусун бекемдөө максатындагы байланыш бекемделе турганына ишенет.
Кыргызстандын жаңы жетекчилигин адам укугун жана Кыргызстанга эл аралык инвестицияларды тарта турган ишкерлик чөйрөсүндөгү айкындуулук менен акыйкаттыкты колдоо үчүн мыйзамдуулукту сактоого чакырабыз», - деп айтылат.
10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары менен Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Булак: Баракелде