Депутат Жанар Акаев жубайын эч качан сабаган эместигин жана сабабай тургандыгын социалдык баракчасына жарыялады.
Буга чейин
кечээ, 8-январда саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндөгү батирлердин биринде үй-бүлөлүк зомбулук болуп жаткандыгы тууралу билдирүү түшкөн.
Ал дарекке жетип барган милиционерлерге Жанар Акаевдин аялы К.Ж. аны күйөөсү уруп-сабаганына арызданып, арыз жазып кайрылган. Тагыраагы желкесине чаап, буттарына тепкен, тырмактарын сындырып, кан кеткен.
Бул кылмыш фактысы Бишкектин Ленин райондук милициясында “Үй бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча каттоого алынган. Азыр сотко чейинки иликтөө башталды.
Социалдык тармактарда К.Ж. депутаттын экинчи, жашыруун аялы болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Булак: Элгезит

