Күнү бүгүн да дүйнѳнү каптаган илдет жүз миңдеген адамдарды тѳшѳккѳ жаткырып, ѳмүрлѳрүн алууда. Акыркы маалыматты айта турган болсок, учурга карата дүйнѳ жүзү боюнча коронавирус менен 85 млн.дон ашык адам ооруса, 1,8 млн. адам бул оорудан кѳз жумду.
Ооруну жуктургандардын эң кѳбү АКШга (20 млн. 630 миң 543) туура келет. Андан кийин Индия (10 млн. 323 миң 743), Бразилия (7 млн. 733 миң), Россия (3 млн. 203 миң), Франция (2 млн. 712 миң 875), Улуу Британия (2 млн. 662 миң 699), Түркия (2 млн. 241 миң 912), Италия (2 млн. 155 миң 446), Испания (1 млн. 928 миң 265), Германия (1 млн. 783 миң 896), Колумбия (1 млн. 675 миң 820).
Кѳз жумгандар боюнча айтсак, АКШда - 351 миң 453, Бразилияда – 196 миң 18, Индияда – 149 миң 435, Мексикада – 127 миң 213, Италияда – 75 миң 332, Улуу Британияда – 75 миң 137 адам ковиддин курмандыктары болушту.
Булак: «Майдан. kg» гезити