Жалал-Абаддагы түзөтүү абагына акча алып кирүү планы токтотулду, деп билдирди бүгүн, 6-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 5-январда болжол менен саат 12:00 чамасында №10 абакка күйөөсүнө жолугууга барган Баткен облусунун тургуну М.А. кармалган. Анын күйөөсү абакта жазасын өтөп жаткан.

Ал абакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси менен таанышкан. Өткөрүү пунктуна уюлдук телефонун, анын кубаттагычын жана 70 сомун калтырып, тыюу салынган буюмдардын жоктугун кабарлап, текшерүү бөлмөсүнө барган.

Ошол жерден анын күрмөсүнөн кара баштык табышкан. Ичинде 40 миң рубль жана 1300 сом болгон. Бул иш Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилген.

Булак: Баракелде