Анжелика нике шакек тагынган сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөп кайрадан бирөө менен баш байлап жатканын жарыялады. Тез эле бул кабар интернет желесине тарап бир катталуучу ырчы айымды Вефа борборунун жетекчиси Марат Назарбеков менен Дубайдан көргөнүн жазып чын эле экөө коомчулуктан жашырынып үйлөнүп жатканын жазды Аргумент сайты.
Эске салсак, буга чейин да Марат Назарбеков менен жакын мамиледе экени тараган. Көп өтпөй Марат мырза жубайы менен эки башка жолго түшүп, Анжелика аялы тынчтык бербейт деген шылтоо менен суракка чейин чакырылып келген.

Булак: Элгезит