Каратып туруп калп айткан адамдан түңүл деген кыргыздар. Эгемендүүлүк алганы сот тармагы коррупцияга белчесинен батып, сол чөнтөккө акчаны салып, акыйкатсыз чечимди чыгарып, канча адамды чырылдатып убалына калып келишкенин баарыбыз эле билебиз. Бирок биз андай ыплас жолго барбайбыз, акча албайбыз деп, судьялар каратып туруп калп айтып, бет тырмалык кылышууда. Сот тармагынан түңүлүп эле бүттүк окшойт. Канча президент келди, канча өкмөт алмашты бири дагы ушул сот системасын оңой албады. Коррупция кандарына сиңип калгандай. Кыргызстанда соттор акча албай акыйкаттуу чечим чыгарганда гана башка тармактагы коррупция жок болот. Анткени алар соттон, соттолуп, эркинен ажырагандан коркушмак. Бизде болсо "сотко барганда чечип коёбуз" деп эч ким камырабай, каалашынча "жеп" алышат. Же болбосо баланча сотто таанышым бар деп беш манжасын кошо салып бюджетти эңширип жешет.  Андыктан бул сотторго ырайым кылууга болбойт. Ай деген ажосу, кой деген кожосу жок коррупцияны гүлдөтүп жиберишти.