2021-жыл чыгыш жылнаамасы боюнча уй жылы. Уй-шашылбаган, бирок өтө өжөр жаныбар эмеспи, ошондуктан жаңырган жылы кандайдыр бир чечимдерди кабыл алаарда шашылбастан, терең ойлонуп туруп бир бүтүмгө келүү оң дешет астрологдор. Башкача айтканда, “Жети өлчөп, бир кес” деген макалды унутпаганга аракет жасоо зарыл.

Нина КРИНИЦКАЯ, астролог: «Адамзаттын жашоосунда өтө чоң өзгөрүү деле болбойт»

“Уй жылы эмгекти сүйгөндөр үчүн мыкты жыл. “Алма быш, оозума түш” дегендер ийгиликке жетем десе, эмитен эле жалкоолуктан арылууга аракет жасашы зарыл. Уй - консерватор, ал жаңы, адаттан тыш нерселерди анча жактыра бербейт, андыктан адамзаттын жашоосунда өтө чоң өзгөрүүлөр деле болуп кетпейт. -Саясий майданда уй сымал өжөр, өзүнүкүн бербегендер каалабаса дагы башка өңүттө ойлонгон, жаңы көз караштагы активдүү адамдарга орун бошотуп бериши мүмкүн. Канчалык өз алдынча болуп, башкалардан жардам сурабайлы десек да, баарыбир эмдиги жылы өзгөчө чет мамлекеттердин көмөгүнө муктаж болобуз.”

Альфия ХАНМУРЗИНА, фэн-шуй илиминин адиси:  “Эски буюм-тайым, кийим-кечеден арылуу керек”

«Эмдиги жылда көптөгөн ийгиликтерге жетем десеңиз, анда эскилиги жеткен буюм-тайым, кийим-кечеден, жүрөктү өйүткөн жаман ойлордон арылуу керек. Майрамдык дасторконду кышкыга даярдап койгон салаттар, көбүрөөк жер-жемиш менен толтуруу зарыл, ал эми уйдун кыжырын келтирбеш үчүн столго уйдун этин койбой эле койгон. Уй - үй жаныбары болгондуктан, жаңы жылды өз үйүңүздө, жакындар менен тосуу зарыл. Эскилиги жетсе дагы көңүлүңүзгө жаккан, өзүңүзгө жакшы жарашкан кийимиңизди кийип, уйдун жинине тийип албаш үчүн кызыл түстөн алысыраак эле болгонуңуз оң”.

Андрей РЯЗЕНЦЕВ, астролог: “Кирешеңиз төмөндөйт”

“Жыл бою өнүгүүнүн жаңы жолдорун, жаңы чечимдерди издеп аракет кылуу зарыл. Кирешеңиз төмөндөшү мүмкүн. Бирок көңүл чөгүп, депрессияга түшпөстөн, көйгөйлөрдөн чыгууга мүмкүндүк берген чечим кабыл алганыңыз оң.

Чыдамдуу болуу маанилүү. Анткени тез арада көздөгөн максатка жетүү кыйынга турат. Болгону акырындык менен алдыга жасаган кадамдар аркылуу сиз каалаган максатка жетүүгө болот. Бул жылы ден соолугуңузга, өзгөчө буттарыңызга көңүл буруңуз. Кан уюп калбаш үчун алдын алыңыз. Ошондой эле көпчүлүктүн кан басымы төмөндөшү мүмкүн. Февраль айында ички туюмуңузду угуп, жаңы достук мамилелерди жана ишкердик союздарды түзүңүз. Билимге умтулуп, өзүңүздү өнүктүргөнүңүз дурус болот. Мунун бардыгы сизге оор шарттарда ыңгайлуу болууга жана абалдан чыгууга жардам берет. Сентябрь, октябрь айлары жайлуу мезгил. 2021-жыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасалышы керек”. Багбанчылык жана жашылча бакчасы менен алектенүу үчун жер тилкеси бар үйдү, жайкы коттеджди же жер тилкесин сатып алуу сунушталат”.

Булак: “Майдан. kg” гезити