Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана Дания ханышасы Маргрете II Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Кыргызстан элине жаңы жылдык жакшы каалоо-тилектерин билдирген куттуктоолорун жолдошту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Булак: Кабар