Өзгөн районундагы Куршаб дарыясынын жээгинен болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жерине министрликтин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: Кабар.кж