Дүйнөнүн булуң-бурчундагы абанын канчалык кир экенин көрсөткөн IQAir сайтынын маалыматына караганда, бүгүн, 24-декабрда саат 11:00гө карата Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушундагы абанын булгануусу 866 AQI көрсөткүчүнө жетти. Бул көрсөткүч аба ден соолукка корунучтуу экенинен кабар берет.
Бүгүн, 24-декабрда дүйнөдөгү шаарлардын ичинен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булганганы боюнча 2-орунга жайгашты.
Булак: Баракелде