Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов атайын түзүлгөн схеманын жана башка кызматкерлердин жардамы менен кыргыз-кытай чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда  маалымат жыйын учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Журналисттер К. Ташиевге  Р. Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард доллар чыгым келтиргенин кантип аныкташкандыгы тууралуу суроо беришти.

"Бул сумманы тергөө аныктады, майда-чүйдөсүн айтып бере албайм. Бир эле эпизодун айта кетейин, КытаймененКыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турган. Ал иштеген учурда канча машина өтүшү мүмкүн экенин эсептеп чыгып, аны дагы коштук", — дедиТашиев.

Ошондой эле ал Матраимовго бул ишке жардам берген кишилерден 53 миллион сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Буга чейин УКМК төрагасы Райым Матраимов убада кылган 2 миллиард сомду толугу менен төлөп бергендиги айтылган.