Ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун тоюу тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтып жатып, Атамбаевге колдонулган чара бардык байларга сабак болушу керектигин белгиледи. 

"Коомчулукту пандемия басып, элдин жашоосу кыйындап турган кезде Жалил Атамбаев эмне кылды? Миңдеген адамдарды чакырып, той берип жатат. Бул деген коомчулуктун, элдин бетине түкүргөндүк эмеспи. Байлыгы ошончолук көп болсо, элге жардам берсин, мамлекетке жардам берсин. Той өткөрүп, байгеге машина коюш элди тоготпогондук болот. Мындан ары ушул сыяктуу иштерге жол бербейбиз. Атамбаевдин баласы бизде иштейт экен, бирок аны үйлөнгөнүң үчүн деп кызматтан алып салыш туура эмес болмок. Ошондуктан, катуу сөгүш берди. Эми ал атасынын кесепетинен 2-3 жыл кызматтык тепкичтен көтөрүлө албайт. Бул бардык байларга сабак болушу керек. Ооба, тойлор болушу керек, бирок моралдык жакты да караш керек",-деди Ташиев.