Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык кеңешине 17-декабрда «Азаттык» маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган «Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирди» деген материал жарыяланганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров КТРКнын эфириндеги кайрылууда да Ысык-Көл облусундагы штабдарынын мүчөлөрүнө белгисиз адамдардан коркутуулар түшүп жатканын айткан», - деп айтылат БШКнын маалыматында.
Ал эми Башкы прокуратурадан бүгүн, 24-декабрда билдиришкендей, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: Баракелде