Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев менен кеңешип, бир пикирге келдик, деди Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кеткени тууралуу АКИpress агенттигине маалымат берип жатып.

Бул кызматка татыктуу депутаттар бар, деп кошумчалады ал.

Фракция өз кезегинде буга чейин вице-спикерлик кызматка Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуш кылган.

Парламенттеги дагы бир оппозициялык «Ата Мекен» фракциясы бул кызмат ордуна Нурбек Сыдыгалиевди көрсөтүүнү көздөп жатат. Бирок маселе азырынча чечиле элек.

Булак: Баракелде