Эртең, 22-декабрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жарык саат 09:30дан 17:00гө чейин Арча-Бешик конушунун Айылчиев, Кара-Коо, Он-Арча көчөлөрүндө жана Кара-Балта, Харьков, Фучика, Ленская көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө өчүрүлөт.

Ошондой эле саат 10:00дөн 13:00гө чейин Месароша, Ильменской, Серпуховской, Сельсоветской көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө да жарык жок болот.

Аталган аймактарда электр энергия оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.

Булак: Кабар