Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-декабрда Бишкектин Биринчи май районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан акча талап кылуу боюнча шектелип даражалуу аткаминерлердин биринин жардамчысы кармалган.
Шектүү Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы тарабынан ачылган кылмыш ишин токтотууну убадалаган.
Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев акча талап кылган адамдын кармалганын тастыктады.