Интернеттин Жыпара Термечикова аттуу колдонуучусу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аз убакта жасаган саз иштерине баа берген:

"УКМКга Ташиев келгени кылмыштуу дүйнө менен күрөш күч алды. “Черныйлардын” ана башы кармалгандан бери, каалагандай жүрүп, өз билгенин кылган каралар ээн эркин көчөдө баса албай калды. Жалал-абадда далайдын азабын жедирген “Чач” кармалса, Ошто өзүн кожоюн сезген “Дженго” качып, азыр издөөдө жүрөт. Эми бул караларыңдын дагы далайы кармала турганы тар чөйрөдө сөз боло баштады. Мына анык эл үчүн кызмат деген ушул. Азыр криминалдын мыйзамсыз аракеттерин ооздуктагандан кийин, биздин чөнтөгүбүзгө кол салып жүргөн коррупционерлерге да кенен кезек жетет. Ансыз деле күнүгө жеп ичерлер пачкалап кармалып, өлкө казынасына миллиондогон каражаттарды төгүп жатышат. Ылайым эле ушундай болуп, элибиз тынчтыкта жана жетишкендикте жашаса экен. Азамат Ташиев мырза, ушунусунан жазбасын".