Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясынын айынан көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жаздан бери жабык турат. Март айынан тартып Россия чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсүнө чектөө киргизген.

Белгилүү болгондой, жакынкы чет өлкөлөргө (Россия Федерациясына) учуу Кыргызстанда эң чоң суроо-талапка ээ жана Россия Федерациясы киргизген чектөөлөрдөн улам, Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары ал жакка бара албай жаткан учур.

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Россия Федерациясынын аймагына кирүүнү жөнөкөйлөтүүнү талап кылган мигранттар маселеси кызуу талкууланууда.

Буга байланыштуу, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК авиабилеттер менен иш алып барбагандагын, алардын бааларын коюп жана жөнгө салбагандыгын билдирет.

Ошондой эле, авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы эч кандай каржылык мамиле менен алектенбейт.

Кыргызстандын жарандары үчүн 21-сентябрдан тарта Россияга кирүүгө чектөө алынып, туруктуу каттамдар жанданды.

Каттамдарды жума күндөрү “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпаниялары аткарууда. Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска терс (ПЧР) ПЦР анализин Россия Федерациясына келгенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес алынышы зарыл.

Мындан тышкары, «Аэрофлот», «S7» жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары аркылуу Россиянын жарандары үчүн, жана ошондой эле түрдүү себептер менен учууга мажбур болгон Кыргызстандын жарандары (Россия жарандарынын ата-энелери, балдары, жубайлары; жашап турууга уруксаты бар жарандар; чакыруулары бар дарыланууга муктаж адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары) үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.

Бул негиздердин бар экендигин авиакомпаниянын өкүлдөрү билет сатып алып жатканда жана учакка отурууда текшерет, “Манас” эл аралык аэропорту ”ААКнын кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзбөйт.

Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги жакынкы чет өлкөлөргө (РФ) учуу жыштыгын көбөйтүү боюнча россиялык тарап менен маселени чечишээрин билдирген.

“MЭА” ААК бардык жүргүнчүлөрдөн авиабилеттер жана Россия Федерациясына кирүү талаптары боюнча авиакомпанияларга же Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылууну өтүнөт.

"Аэропорттордо белгисиз адамдардан учуу үчүн кошумча акы төлөө талабы келип чыккан фактылар болгон учурда, сизден милиция кызматкерлерине же АТС нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөбүз: 0312) 693535 и (03222) 90020. Ошондой эле, аэропорттун ыкчам нөөмөт башчысына кайрылууга болот: (0555) 587810", - деп билдирет “Манас” эл аралык аэропорту ”.