”Манас” эл аралык аэропорту” ААК “Манас” жана “Ош” аэропортторунун аэробекет комплекстерине кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
2020-жылдын 15-декабрынан баштап кыш мезгилинин башталышына жана суук түшкөнүнө байланыштуу “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерине жүргүнчүлөрдү узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүгө уруксат берилет.
"“Манас” аэропортунда жүргүнчүлөрдү тосуп алуу жана узатуу АБКнын 1-кабатында гана болушу ыктымал. Ошол эле учурда, узатуучу адамдардан 2-кабатта жайгашкан жүргүнчүлөрдү каттоочу жайга көтөрүлбөңүздөрдү өтүнөбүз", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле, “MЭА” ААК жарандардан COVID-19 жугуштуу оруунун жайылуусун алдын алуу үчүн Республикалык штабдын санитардык-эпидемиологиялык талаптарын - беткап кийүү, аралыкты сактоо жана тазалоочу каражаттарды колдонууну суранат.