«Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алуу иштеринде кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлгө алынган чарбалык субъекттердин катышуусунда жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуунун туруктуу схемасын түзгөндүгү аныкталган.

Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы Ю.Б.К.нын Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жеке мамлекеттик сатып алуу үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты, деп айтылат маалыматта.

14-декабрда жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде «Кыргыз темир жолунун» Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ю.Б.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иши уланып жатат.

Буга чейин Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалын Бактияр Юнусов жетектеп келген.

Булак: Баракелде