Кокустан өзүн мылтык менен атып алган өспүрүм каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда АКИpress агенттигине Чүй ОИИБден билдирди.
Окуя 13-декабрда эртең менен саат 9:30 чамасында болгон. 15 жаштагы бала гараждагы ок атуучу куралды алып, кокустан өзүн атып алган. Өспүрүм ооруканага жеткирилген.
Өспүрүмдүн атасынын айтымында, 2 күн мурда баласы Кызыл-Октябрь айылындагы жайытта ок атуучу курал таап алган. Атасы окторун чыгарып алып, куралды гаражга катып койгон.
Булак: Баракелде