Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттап бүттү. 15-декабрдан тартып үгүт жараяны башталат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого чейин 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат», - деди Бекматов.

Анын айтымында, президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуунун эрежелери конституциялык мыйзамда жазылган. Андан тышкары талапкерлерге мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз убакыт берилет.

Булак: Баракелде