«Бишкектеги феминисттик демилгелер» коомдук уюму бүгүн, 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүш жасайт.
«Жетишет» деп аталган жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигинде аяктайт. Иш-чара адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк акциянын алкагында өтүп жатат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бүгүнкү жүрүш аялдарга карата адилетсиз сот чечимдерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат.
«Көптөгөн аялдар үйдөгү зордук-зомбулуктан коргонууга кылган аракети үчүн айыпталып, соттолуп жатат. Ал эми кыз-келиндердин тагдырына балта чапкан чыныгы күнөөлүүлөр эч кандай жазасыз, эркин жүрөт. Адилетсиз сот системасынын курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугу үчүн биз бүгүн жүрүшкө чыгабыз», — деп жазылган.
Булак: Элгезит