УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Италиянын мурунку чабуулчусу, легендарлуу футболчу Паоло Россинин каза болгондугуна байланыштуу Италия элине көңүл айтты. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн мага дүйнөгө белгилүү италиялык футболчу, "Алтын топ" сыйлыгынын ээси, дүйнө чемпиону жана менин досум Паоло Россинин каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабар келди. Мен бул сонун адам менен таанышуу жана достошуу бактысына ээ болдум. Менин уулум Эмир-Хан аны менен эки жыл Перуджиядагы (Италия) Паоло Росси футболдук академиясында окуган. Бардык футбол күйөрмандарына, айрыкча италиялыктарга чын жүрөктөн көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун", - деп жазды Ташиев.

Италиянын футболдук курама командасынын оюнчусу Паоло Росси айыккыс дарттан көз жумганын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда. Ал 10-декабрда, 64 жаш курагында дүйнө салды. 

Росси Италияда 1956-жылдын 23-сентябрында төрөлгөн. 1982-жылдагы дүйнө чемпионатында атагы чыккан. Анда алты гол киргизип, мыкты бомбардир болуп таанылган. Бул жеңиш жалпы Италия элинин жеңишине айланып, бүткүл эл көчөгө чыгып майрамдашканы айтылат. Ошол эле жылы Росси "Алтын топ" сыйлыгына ээ болгон. 

Футболист спорттук карьерасында 340 гол киргизген. Италиянын курама командасы үчүн 48 жолу ойногон.