Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов атайын депозиттик эсепке каражат которууда.  Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.

8-декабрга карата Матраимов жалпы 773 миллион 412 миң сом которгон. Ал эми акыркы жумада 127 миллион  112миң сом депозиттик эсепке которгон. 

Октябрь-ноябрь айларында 646 миллион сомдон ашык которгон болчу.

Белгилүү болгондой, Матраимов өлкө казынасына 2 миллиард сом төлөп бере турган болгон.

Булак: media-center.kg