Ошто "эл өкүлү китепканалар жоюлсун деди" -деп, уу-дуу түшүп атабыз. Жабылсын десе да ушу маселенин көтөрүлгөнү өзү жакшы иш болду. Эл да чиновниги да дуулдап талкуулап калдык.

Эми китепканаларга айласыз болсо да көңүл бурулат. Мэр ал депутаттардан айырмаланууну кааласа китепканалардын форматын өзгөртүүгө аракет кылаар. Кылбаса көп сөздүн бири болуп калып кетээр. Же мэр алмашып, башкасы келсе, китепканага акылы жеткенирээги келсе ошол оңдоор.

Азыр китепканалардын ичи ит өлгөн суук. Жылууласын. Китепканада кофекана ачылсын. Жыйындарды, жолугушууларды өткөрө турган, кыз-жигит таанышып, жолугуша турган жайга айлантсын. Жаш, жаңы жазуучулардын китептерин сатып алсын.

Берки депутаттар жаңы китептерди алууга акча бөлүшсүн. Туура эмес иштин да жакшылыгы болот. Ал жагы беркилерден, башкалардан көз каранды. Туура эмести туурага айландыруу деген да прием бар.

Ыдырыс Исаков, журналист