Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада жаткан жеринен «Фейсбукка» пост жазып, абалы тууралуу кыскача кабарлады.

«Эч кимге айтпай үч күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген-миңдеген адамдар дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, рахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем, менин өмүрүм — кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек»,- деп жазды.

Ташиев кандай диагноз коюлганын жана кайсы ооруканда жатканын тактаган эмес.

Булак: Элгезит