Бул тууралуу Орусиянын Бишкектеги элчилиги Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Орусия Кыргызстанга 8 миллион долларга гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды.

“Бул акчага жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында 9 миң тоннадан ашык азык-түлүк сатылып алынды. 25-ноябрда буудай унун жана өсүмдүк майын өткөрүп берүү аземи болуп, андан кийин өлкөнүн аймактарына таратылат. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Орусиянын Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча башка долбоорлорду каржылоону, анын ичинде республиканын мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоону уланта берерин баса белгиледи.

Булак: Элгезит