Ал коңшу мамлекеттин жараны экендиги аныкталганын Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя 19-ноябрь күнү болгон. Анда 102 кызматына Ош шаардык тез жардам кызматы тарабынан Масалиев көчөсүнүн боюнда оор жаракаттары бар адамдын жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Ал Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген, коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалган.

Өзүнүн бул оор кылмышка баргандыгынын себебин маркум менен жөөлөшүп кетишкендигин, ал мас абалда болгондуктан жана намысына шек келтирип сүйлөгөндүгүнөн, ачуусун кармай албай, чөнтөгүндөгү бычагы менен бир нече ирет сайып жибергендигин айткан. Кармалган адам күнөөсүн толук мойнуна алган.

Ал эми маркум Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Адам өлтүрүү беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталды. Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 23-ноябрда айрым маалымат каражаттары бул кылмышка шектүү адам Кытайдын жараны экендигин жазышты.

Булак: “Майдан. kg” гезити