Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлошу Шабданбек Кулуев көз жумду. Ал 78 жашта болчу.
Ш.Кулуев менен Жалил Сыдыков жазган гимн 238 тексттин ичинен тандалган.
Ш.Кулуев Нарындагы Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы жарыкка келген. 1991-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Редакция маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтат.
Булак: Баракелде