Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Буга чейин Темирлан Ормуков административдик сотко кайрылып, БШКнын Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө арызын канааттандырганын мыйзамсыз деп табууну суранганы айтылган.
Текебаев депутаттык мандатын 15-октябрда алган.
Булак: Баракелде