«Кыргызмунайгаз» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп Мелис Тургунбаев дайындалды. Мындай чечимди «Кыргызмунайгаз» акционердик коомунун директорлор кеңеши кабыл алган. Бүгүн, 23-ноябрда жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылды.
Мелис Турганбаев 2013-жылдан баштап «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин мүчөсү, 2017-жылдан тартып директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
«Кыргызмунайгаз» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов кызматтан кетүү тууралуу арызын быйыл жазган. Ал аталган ишканага жетекчи болуп 2018-жылы дайындалган.
«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. куб метр газ запасына ээ. Ишкананын карамагында жалпысынан Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кени бар.
Булак: Элгезит