Кыргызстанда конституциялык реформа алкагында курултай системасын киргизүү боюнча 15 долбоор каралып жатат. Бул тууралуу 23-ноябрда конституциялык кеңешменин жыйынында «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди:

“Азыр 15тей долбоор бар. Кечээ чогулдук, 15 вариантты бир долбоорго алып келүү аракети жүрүп жатат. Эртеңден баштап так эле ушундай коомдук кеңеш ишин баштайт. Бир жума ичинде бир долбоорго алып келүү аракети жүрүүдө".

Кошалиев курултай системасы элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып, орду менен алып келген түйүн экенин айтты.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун негизги багыттар боюнча бир нече секцияга бөлүнүп талкуулап жатат. Кошалиев кеңешменин бир күндүк жалпы жыйынын курултай маселесин талкуулоого арноону сунуш кылды.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Оппоненттер «120 депутатты көп деп эсептеп жаткан маалда 40 райондон, жети облустан курултайга шайланган делегаттарга автоматтык түрдө депутаттык укук тийип, өлкө 120 депутаттын ордуна 1200 депутатка ээ болот» деген тынчсыздануусун билдирип, Баш мыйзамдын жаңы долбоору курултайдын делегаттары аркылуу жалаң гана президенттин бийлигин, аны хан катары орнотууга багытталганын айтып жатышат.

Булак: Азаттык