UFC уюмунун кезектеги турниринде бир күндө беттешке чыгып, экөө тең жеңишке жетишкен эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченконун апасы да алтын медаль тагынды. Елена Шевченко IFMA тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон.

Турнир онлайн режиминде өтүп, кыргызстандык Е.Шевченко 40 жаштан жогорку курактагылар арасында күч сынашты. Ал 3 раундда техникаларды көрсөткөн.

Елена Шевченконун жалгыз атаандашы америкалык Паскаль Фернандес болуп, алар дароо финалга чыккан. Жыйынтыгында Шевченко 30-27 эсеби менен жеңишке жетишип, дүйнө чемпиону болду.

Булак: Баракелде