Жашырганда эмне, Россия, Казакстанда иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарынан келген каражаттар Кыргызстандагы жүз миңдеген үй-бүлөлөрдүн оорун колдон, жеңилин жерден алып, кыргыз өкмөтүнүн түйшүктөрүн жеңилдетип келет. Эмгек мигранттары бөлөк эл, бөтөн жерде  маңдай тер, мээнет менен тапкан акчалары  миңдеген үй-бүлөлөрдү багууда.  Ошондуктан, эмгек мигранттарынын тапкандарынан өлкөбүздүн экономикасы, элибиздин жашоо турмушунун деңгээли түздөн түз көз каранды.

Дүйнөнү каптаган коронавирустан улам эмгек мигранттары жөнөтчү каражаттардын суммасы кескин азайган эле. Уккан кулак сүйүнсүн, акыркы 2 айда бул көрсөткүч көбөйүү тенденциясында баратат. Ушул жылдын сентябрында мигранттар 266,2 млн. доллар, башкача айтканда, августь айына караганда 28,8 млн. долларга көп каражат  которушкан. Эгерде 2019-жылдын ушул айына салыштыра турган болсок, которуулардын суммасы 54,1 млн. долларга көбөйгөн. Өткөн жылдын декабрына салыштырганда 49,1 млн. долларга өскөн.

Баары болуп, ушул жылдын 9 айында 1 млрд. 728,8 млн. доллар которулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын аналогиялык мезгилине салыштырганда 463,12 млн. долларга аздык кылат. Которуулардын 1 млрд. 692 млн. доллары Россиядагы мигранттардын үлүшүнө туура келет.

Булак: “Майдан. kg” гезити