Калп айткан менен болобу, элибиздин кайдыгерлиги, тоотпостугу бар. Бишкек мэриясы, Саламаттыкты сактоо министрлиги илдеттен этият болуп, сактануу талаптарын аткаруу зарылдыгын кайра -кайра какшап айтканына карабай, илдетти жуктуруп албоонун кепилдигин алгандан бетер ооруну тоотпогондор, сактануу талаптарын аткарбагандар көп болууда. Көчөдө, коомдук жайларда беткап тагынбаган жарандар жетишерлик. Илдеттин биринчи толкунунда жалаң улуулар ооруган болсо, экинчи толкунунда жаш балдар да ооруп жатат. Учурга карата 2200 бала коронавирусту жуктуруп алгандыгы маалым болду. Алардын 60 пайызы 5-15 жаштагы балдар болсо, 25 пайызы 1-5 жаштагы неристелер. Учурда ооруканаларда балдар үчүн жайлар даярдалып, аларды дарылоо үчүн бардык даярдыктар көрүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Илдеттен балдарды оолак кылуунун бирден бир жолу – санитардык, гигиеналык талап, нормаларды  так аткаруу. Мында негизги жоопкерчилик  ата-энелерде.  Демек, ата-энелер балдарынын өмүрү, ден соолугуна кайдыгер карабашы зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити