Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык Конституциялык кеңешме түзүлдү. Бул маалыматты Президенттин аппаратынын сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштап жаткан жаңы Конституциянын долбоорун карайт.
Учурда Улуттук илимдер академиясында аталган кеңештин жыйыны өтүүдө.