Бишкек шаарында 25 маршрут жабылды. Айдоочулар жумуштан кетип калышкан, деп билдирди Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов «Биринчи радионун» эфиринде.
Анын айтымында, коомдук унаалардын айдоочуларынын жетишсиздиги байкалууда. Себеби айрым маршруттар киреше алып келбейт. Жүргүнчүлөрү көп гана маршруттар калды.
Атыканов билдиргендей, башка жылдары план боюнча 2600 кичи автобус жүргүнчүлөрдү ташычу. Азыр план боюнча 1800 кичи автобус чыгышы керек. Бирок унаа жана айдоочулардын жетишсиздигинен линияга 1,5 миңге жакын гана кичи автобус чыгат.
Булак: Баракелде